Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Франциянын аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Франциянын аэропортторунда АКШ авиакаттамдарына байланыштуу радикал исламчылар тарабынан болгон коркунучтан улам коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Мындай кадамга аэропорттордун жетекчилиги америка өкмөтүнүн суранычы менен барды.

Бейшемби күнү Улуу Британиянын аэропортторунда да ушундай эле чаралар кабыл алынганы маалым болгон.

Француз жана британ бийликтери АКШга жөнөп жаткан жүргүнчүлөрдөн кошумча текшерүүгө байланыштуу аэропортко эртерээк келүүсүн суранышты.

2-июлда Кошмо Штаттар бир катар Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө АКШ түз каттамдарында текшерүүнү кылдат жүргүзүүгө чакырган.

АКШ бул чараларды террорчулар жаңы, өркүндөтүлгөн, азыркы текшерүү каражаттары байкай албаган жардыруу ыкмаларын ойлоп табууда деген маалыматтан улам көрүүдө.

XS
SM
MD
LG