"Прогресс" фондунун жетекчиси Адил Турдукуловду милиция кармап кеткени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, Турдукулов менен "профилактикалык сүйлөшүү" гана жүргүзүлдү, себеби ага карата жакында "Шералынын чокойу" акциясына байланыштуу сот эскертүү берген.
Турдукулов аны Улуттук университеттин жанында милиция кызматкерлери күч менен кармап кеткени жатканын кабарлаган болчу. (RK)