Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Порошенко: Киев тынчтык сүйлөшүүлөргө даяр


Украинанын президенти Петро Порошенко Киев өлкөнүн чыгышындагы кризисти жөндөө үчүн тынчтык сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, жума күнү Порошенко Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып 5- июлда кризисти чечүүчү топко чогулуу сунушун жөнөткөнүн жана азыр жооп күтүп жатканын айтты.

Порошенко ошондой эле бир тараптуу элдешүү жарыялангандан кийин жикчилдер ок чыгарууну токтотпогондуктан ал кайра антитеррористтик операцияны баштоого мажбур болгонун кошумчалады.

Кризисти чечүүчү топко Украина, Орусия, Германия жана Франция кирет. Төрт өлкө Украинанын чыгышындагы эки тараптуу ок атышууну токтотуу шарттарын аныктоосу керек.

Бейшемби күнү Порошенко АКШнын вице-президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, элдешүү эки тараптуу болгондо кана жикчилдерге каршы аскерий операцияларды токтотууну билдирген.

XS
SM
MD
LG