Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Өрт коопсуздугу боюнча жаңы эреже кирди


Кыргызстанда өрт коопсуздугун камсыз кылуу эрежелерине толуктоо киргизилди. Кечээтен тарта өрт коопсуздугу боюнча жаңы регламент иштей баштады. Президент кол койгон мыйзамга ылайык эми өрт сигналдарынын жана өрт өчүрүүнүн автоматтык системасы “101” кызматына милдеттүү түрдө туташтырылышы керек. Мыйзам долбоорун быйыл май айында парламент кабыл алган. Ал өрт кырсыгын алдын алуунун экономикалык механизмдерин аныктайт.

Кыргызстанда бир суткада орточо эсеп менен 20га жакын өрт кырсыгы катталып турат. Айрыкча тилсиз жоонун тутанышына мас болуп алып тамеки чегүү, электр техникасын туура эмес колдонуу, жаңы салынган үйлөрдүн меш, морлору талапка жооп бербегени себеп болуп жатканын адистер айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG