Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

FAO: Квиноа өсүмдүгү Кыргызстанда жакшы өздөштүрүлүүдө


Квиноа өсүмдүгү Кыргызстандын аймагында жакшы өздөштүрүлө баштады жана аны Борбор Азия аймагында жайылтуу мүмкүн экени айкын болууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба программасынын (Food and Agriculture Organization, FAO) эл аралык кеңешчиси Каталдо Пулвенто Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарындагы пилоттук чарбаларды кыдырып келгенден кийин айтты. Адистин билдиришинче, Ош облусунда гана катуу жаандын айынан квиноаны кайра отургузууга туура келди.

Картошка, жүгөрү, помидор, тамеки жана жапайы дарбыз байыркы индеецтерден тараганы белгилүү. Ал эми алардан бизге эми гана келип жаткан квиноаны адистер жер жүзүнүн бардык алтын-алмаздарына алмашкыс баалуу өсүмдүк деп аташат.

Квиноадан жогорку сапаттагы ун чыгарып, нан жапса болот. Майы витаминдерге, түрдүү элементтерге бай. Ал отуз градус ысыкка да, сегиз градус суукка да чыдамдуу. Сууну көп ичпейт, анда-санда жааган жаанга деле өсүп бышат.

Учурда FAO уюму аны Кыргызстанда жайылтуу аракетин көрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG