Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Жол эрежесин бузгандарга жаза катуулады


Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды жазалоо чаралары катуулады. Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам долбоор өткөн айда парламентте кабыл алынган болчу.

Айыппул мурда 100 сомдон 2000 сомго чейин болсо, эми 500 сомдон 20 миң сомго чейин жогорулады. Айрыкча мас болуп машина айдагандар катуу жазаланат. Мас айдоочу жол кайгуул кызматкерлеринин колуна түшсө мурда 1,5 миң сомго жыгылса, эми 10 миң сом төлөш керек болот. Ал эми жол кырсыгына себепкер болсо 20 миң сом төлөп, 4 жылга эркинен ажырашы мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG