Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

HRW Пакистанды террорго каршы жаңы мыйзам үчүн сындады


Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Пакистанда терроризмге каршы кабыл алынган жаңы мыйзамды алып салууга чакырып, ал "репрессияга жол ачат" деп сындады.

2-июлда Пакистандын парламенти террорчу деп соттолгондордун жаза мөөнөтүн эки эсе көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорун кабыл алган болчу. Ошондой эле ал күч кызматкерлерине кылмышка шектүү деп кармалгандардын каякта экенин айтпай, айыбын угузбай кармоого уруксат берет.

Укук коргоочулар мындай чара өкмөттү сындап тынч митингге чыккандарга каршы колдонулушу мүмкүн деп кооптонууда.(RK)

XS
SM
MD
LG