Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Бюджеттик мекемелердин 80% айлыкты банкоматтан алат


Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мекеме кызматкерлеринин 80 пайызы айлык акысын пластикалык карта менен банкомат аркылуу алып жатат. Өкмөттүн маалыматына караганда, пенсионерлер да акча алуунун ушундай ыкмасына өтө баштады. Пенсия алуучулардын 30 пайызы картага өткөн.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, акчаны накталай эмес, карта аркылуу берүү көмүскө экономиканы азайтуу ыкмаларынын бири болуп эсептелет. Жакында банкомат жана POS-терминалдарды сатып келип орнотууну каалаган банктар бул үчүн кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат. Ошондо банкоматтардын саны азыркыдан 3 эсе көбөйгөнү жатат. Учурда өлкө аймагында 856 банкомат бар. (RK)

XS
SM
MD
LG