Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Ак-Сайдагы чек ара чатагы боюнча тергөө аяктап калды


Бул тууралуу коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев апта соңундагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, чек араны тактоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк комиссиялары соңку жолугушууларда бул окуя боюнча эки өлкө прокуратурасынын маалыматын укту. Анда кыргызстандык прокурорлор тажик аскерлеринин айыбын далилдөө үчүн жетиштүү далил топтой алган:

- Эки өлкөнүн прокуратура өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча тергөө соңуна чыгып калды. Анда биздин прокурорлор биздин дооматтар боюнча жетиштүү материалдарды топтоп, тажик тарапка өткөрүп берди. Азыр айрым гана деталдар калды. Жакында тергөө бүтөт, - деди Маматалиев.

Быйыл 11-январда Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылыш болгон. Анда кыргызстандык 6, тажикстандык үч чек арачы жараат алган. Чырга тажик тараптын Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушуна каршы чыкканы себеп болгон. Бул кагылыштан соң аталган жолдун курулушу токтоп калган. Ушул аптада бул боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн жолугушуусу өтүп, анда жолдун курулушун 10-июлдан тарта жандантуу боюнча протоколго кол коюлганын кыргыз бийликтери кабарлады.(BkA)

XS
SM
MD
LG