Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Эл аралык арбитраж өкмөттү 118 миллион доллар доого жыкты


Москвадагы Эл аралык арбитраж Кеминдеги Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери боюнча канадалык Stans Energy компаниясынын арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар доого жыкты. Мындай маалыматты өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен тастыкташты. Stans Energ» компаниясы Куттуу-Сай, Кале-Сай кендеринде сейрек кездешүүчү металл казууга, геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө уруксат алганын, бирок кыргыз бийлиги активдеринен мыйзамсыз ажыратканын билдирип келатат.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен кабарлашкандай, учурда бул маселе боюнча Өкмөт алдындагы соттук өкүлчүлүк борбору иштеп жатат. Аталган борбор Эл аралык арбитражга доо арыз жолдошу мүмкүн.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Эл аралык соттордо кыргыз өкмөтүнө каршы каралып жаткан 9 доо арыз бар. Аталган иштердеги доонун жалпы суммасы 1 миллиард долларга жакын каражатты түзөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG