Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Футбол: Аргентина жана Голландия жарым финалга чыкты


Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 4/1 финалдык оюндарды жыйынтыкталды. Соңку беттеште Голландиянын курама командасы Коста-Риканын футболчуларын утуп, жарым финалга жолдомо алды. Оюндун негизги жана кошумча таймдары голсуз аяктап, пенальти сериясында гана голландиялыктар 4:3 эсебинде жеңишке жетишти. Ага чейинки оюнда Аргентина жана Бельгия курамалары беттешти. Анда аргентиналыктар 1:0 эсебинде жеңишти камсыз кылды. Мындай жыйынтык менен Аргентина курамасы 1990-жылдан бери алгач ирет жарым финалга чыга алды. Эми жарым финалдык оюндарда Бразилия жана Германиянын футболчулары, Аргентинанын курамасы менен Голландия футбол командасы беттешет.

XS
SM
MD
LG