Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

УКМК: Диний радикал топторго азгырылган жарандар көбөйүүдө


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өлкөдөгү диний экстремизмге каршы күрөштүн абалын баяндаган билдирүүсүндө айтылат. Комитеттин маалыматына ылайык, учурда диний радикалдык агымдардын таасирине чет өлкөлөрдө диний окуу жайларда окуган студенттер эле эмес, өлкөдөгү жай тургундар да берилип жатат. Мындан улам өлкөдөгү жаштардын террорчул топтордун куралдуу чатактарына катышуу коркунучу жогорулоодо.

Буга байланыштуу УКМК Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, мындай аракеттерге катышкандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаганын кабарлады.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жаткан кыргызстандыктардын саны 80ге жеткенин маалымдаган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG