Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Ооганстанда чабуулдарда беш полисмен, беш жайкын тургун курман болду


Бүгүн батыштагы Герат провинциясында полициянын машинесине жолдо ракетадан чабуул коюлуп, беш кызматкер, анын ичинде райондун полиция башчысы набыт болушту. Өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз вилаетинде болсо үйлөрдүн бирине атылган ракетадан жаш балдар менен аялдарды кошкондо беш адам мерт кетти. Чабуулдарды ким жасаганы азырынча белгисиз. Өлкөдө президенттик шайлоонун жыйынтыктары чыгарылат деп жатканда Талибан кыймылы ооган коопсуздук күчтөрүнө чабуулдарын көбөйткөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG