Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Бишкекте Араб өлкөлөрүнө эт экспорттоо боюнча сүйлөшүү болот


Кыргызстандан Араб мамлекеттерине экспортту көбөйтүү үчүн эт комбинаттардын ишин жандантуу боюнча кыргыз өкмөтү “Ислам өнүктүрүү банкынан” насыя алат. Банктын өкүлдөрү Кыргызстанга келди. Өкмөттөн кабарлашкандай, бүгүн Бишкекте тармактын ишин жандантууга жана адал продуктуларды араб мамлекеттерине экспорттоого каражат бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр болот.

“Ислам өнүктүрүү банкы” жолдорду оңдоого, айыл чарба иштерин жандантууга, энергетика тармагын жакшыртууга жана диний өнүгүү багыттарына жумшоо үчүн да кыргыз өкмөтүнө 46 миллион доллар насыя бермей болгон. Макулдашууга июнь айынын соңунда Сауд Арабиянын Жидда шаарында кол кол коюлган. (SE)

XS
SM
MD
LG