Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Иранга 190 миң ядролук центрифуга керек


Бул жөнүндө Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменеи ырасмий сайтында маалымдады. Бул Вашингтон Иран менен түзүлчү узак мөөнөттүк келишимде каалагандан 19 эсе көп. Кабарчылардын билдиришинче, Хаменеинин комментарийи Венада Иран жана Р5+1 группасы (Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германия) ортосунда жүрүп жаткан ядролук сүйлөшүүгө ачыктан ачык кысым жасоо.

Центрифуга ядролук программага же ядролук куралга дүрмөт катары колдонулуучу уранды байытуу үчүн керек. Хаменеи баш билдирүүсүндө АКШ менен Израил өз шартына Иранды көндүрүү үчүн “жакшы полиция, жаман полиция” оюнун ойноодо деп сындады.

Венада 3-июлда башталган Ирандын ядролук программасы боюнча финалдык сүйлөшүү 20-июлда аяктап, мурда макулдашылгандай узак мөөнөттүк келишимге кол коюлууга тийиш.

XS
SM
MD
LG