Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

“Адилеттик” уюму Ала-Букада кыйноо фактылары көбөйгөнүн билдирди


Жалал-Абад облусундагы адам укугун коргоочу "Адилеттик" уюму Ала-Бука районунда милиция тарабынан кыйноо фактылары соңку кездери көбөйүп баратканын айтып чыкты. Уюмдун билдирүүсүндө район тургундары Нурен Алибеков жана Акжол Масалиевди күч кызматкерлери өткөн айда коркутуп жана кыйнап, кылмышты моюнга алдырганга аракет кылганы жазылган.

Маалыматта кылмышка шектүү катары кармалгандарга райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Бийчиев да зомбулук көрсөткөнү белгиленген.

Бийчиев бул куру доомат экенин айтып, кыйноо фактыларын жеке же мамлекеттик уюмдар эмес, прокуратура органдары текшерип баа бериши керектигин “Азаттыкка” айтты.

“Адилеттик” уюмунан кабарлашкандай, аймакта жыл башынан бери 18 кыйноо фактысы боюнча прокуратурага арыз жолдонгон. Азырынча алардын бирине да кылмыш иши козголо элек. (YА)

XS
SM
MD
LG