Ирактын коопсуздук күчтөрү байланган 53 эркектин сөөгү Бабил дубанынын борбору Хилланын багында табылганын билдирүүдө. Хилла Багдаддан 100 чакырымдай түштүктө жайгашкан. Маркумдар өткөн аптада набыт болгон деп болжолдонууда, бирок алар эмне үчүн өлтүрүлгөнү анык эмес.