Орусиянын тышкы иштер министри Украинаны козголоңчулар менен мунасага келүүгө чакырды:
– Азыр Украин бийликтери козголоңчуларды конструктивдүү диалогго көндүрүштөрү керек. Козголоңчулар буга даяр, бирок алар багынып, жеңүүчүлөргө башын ийип берүү тууралуу кескин талаптарга даяр эмес. Президент Петро Порошенконун тынчтык планында мунапыс жөнүндө айтылган эмес беле.
Ал арада жикчилдердин колуна Украинанын чыгышында түшкөн украин офицерине Орусияда эки орус журналистин өлтүрүүгө байланыштуу айып коюлду.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалымат катчысы Владимир Маркин бүгүн Надя Савченко учурда Орусиянын Воронеж шаарында камакта экендигин билдирди.
Орусиянын Мамлекеттик телерадио компаниясынын эки журналисти Игор Корнелюк менен Виктор Денисовдор Украинанын чыгышындагы Луханск шаарында 17-июнда окко учкан эле. Украинанын тышкы иштер министрлиги Савченкону дароо бошотууну талап кылууда.