Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Кыргыз-тажик чегинде атыш болгону расмий тастыкталды


Чек ара кызматы Баткенде кыргыз-тажик чек арачыларын ортосунда куралдуу кагылыш болгонун тастыктады. Аталган кызматтан “Азаттыкка” кабарлашкандай, ок атышуу бүгүн түшкө маал Ак-Сай айыл аймагындагы Тамдык деген жерде болгон. Чек арачылардын жүйөсүндө, чыр тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам чыккан. 30га жакын тажик жараны Кыргызстандын аймагындагы Геревшин дарыясынан Бедек айылына түтүк менен суу алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз чек арачылары бул аракеттин мыйзамсыз экенин эскерткен учурда кошуна жарандар таш атышкан. Эскертүү иретинде кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган. Буга жооп иретинде аталган аймакка жакын жерде жүргөн тажик чек арачылары ок атышкан. Натыйжада кыска убакытка созулган кагылыш чыккан.

Алдын-ала маалымат боюнча, окуядан кыргыз тараптан жараат алгандар жок.

Ал эми “Азаттыктын" тажик кызматы болсо Исфара РИИБинин маалыматына таянып, бул кагылыштан бир тажик жараны мерт болуп, бешөө жаракат алганын жазып чыкты.(BkA)

XS
SM
MD
LG