Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Азия банкы Жалал-Абаддын таза суу маселесин чечүүгө каражат бөлдү


Азия өнүктүрүү банкы Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргон районунун таза суу тармагын жакшыртууга 14 миллион доллар бөлмөй болду. Анын 10 миллиону шаарга, 4 миллиону Базар-Коргонго берилет. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ажимамат Исаевдин "Азаттыкка" айтымында, бул каражатка Жалал-Абаддагы эски канализация, суу түтүктөрү, резервуарлар жаңыланып, алты суу кудугу бургуланат. Ал эми Базар-Коргон районунда эки резервуар оңдолот.

Таза суу системасы эскилиги жеткендиктен учурда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында бул маселе көйгөй жаратууда. (YA)

XS
SM
MD
LG