Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Чүйдөгү сугат суу тартыштыгынын себебин иликтөө жүрүп жатат


Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Чүйдөгү айылдарды кыдыруу учурунда билдирди. Анын айтымында, учурда облустагы сугат суунун тартыштыгынын себептерин аныктоо боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Дыйкандардын жаз мезгилинде тиешелүү жетекчилер суу сактагычтарга жетишерлик суу топтобогону тууралуу арыздары текшерилүүдө. Анын жыйынтыгына жараша күнөөлүүлөр жазага тартыларын Сарпашев убада кылды.

Быйыл жылдын кургакчыл болушу дан эгиндерине, талаа өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирүүдө. Айрыкча сугат сууга байланыштуу маселе Чүй облусунда курч болуп жатат. Өкмөт алдындагы Суу чарба департаментинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү суу сактагычтардагы запасынын 70 пайызы пайдаланылды. Буга байланыштуу сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн жер-жерлерде атайын штабдар түзүлүп, атайын норма бекитилди. (BkA)

XS
SM
MD
LG