Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Баткенде кыргыз-тажик чегиндеги абал талкууланды


Баткен облусунун тиешелүү жетекчилери тажикстандык кесиптештери менен 10-июлдагы окуядан кийинки абалды талкуулады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын төрагасы Анарбай Алимбеков билдирди.

Жолугушууга Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Искандар Раджапов жана Согди облустук милициясынын башчысы Шориф Назаров катышты. Анда Алимбаев тажик өкүлдөрүнөн кечээ Исфара шаарындагы кыргыз жарандарын ур-токмокко алгандарды жоопко тартууну өтүндү. Кечээ түштөн кийин Исфара шаарындагы автобекетте тажик улутундагы адамдар Кызыл-Бел кыргыз айылынын үч тургунун ур-токмокко алган болчу.

Мындан сырткары эки тарап чек арага жакын жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар кыл жаңжалдарга каршы бирге чара көрүүнү макулдашты. (JsA/BkA)



XS
SM
MD
LG