Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:52

Бишкек: 13 миңге эсептелген бала бакчаларга 29 миң наристе барат


Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында бала бакчалардагы наристелердин саны нормадан эки эсе көп болууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Шаарда 79 бала бакча бар. Алар жалпы 12 миң 676 орунга эсептелген. Бирок учурда 28 миң 993 наристени кабыл алууда.

Мектептерде да абал көйгөйлүү. 2013-2014-окуу жылында 73 миң 587 балага эсептелген 94 мектепке 112 миң 160 окуучу барып билим алып жатты. (JsO/RK)

XS
SM
MD
LG