Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

"Макмалалтын" ишканасында кен ылгоо токтотулду


Тогуз-Торо районундагы "Макмалалтын" фабрикасы кен ылгоону убактылуу бир айга токтотту. Буга алтыны бар кендин жоктугу себеп болгонун "Азаттыкка" район акими Тилек Идирисов кабарлады.

Фабриканы иштетүүгө күнүнө 800 тонна кен керек, жер алдынан чыгарылган 200 тонна жетишсиз болууда. Алтыны бар кенди "Саймалуу-Таш" улуттук паркынын аймагына кирип калган "Кылдоо" участогунан алуу үчүн өкмөттүн уруксаты зарыл. Анда совет заманында алтындын 6 тонна запасы бар экени аныкталган.

Ишканадагы 1200 жумушчунун 376сы акы төлөнбөй турган бир айлык дем алууга чыкты. Калганы кен өндүрүүдө иштеп жатат. "Макмалалтын" жылына 400-450 килограмм алтын өндүрөт. (YA)

XS
SM
MD
LG