Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:29

Баткенде буулган жолдор ачылды


Бүгүн кечке жуук эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Баткендеги Ворух-Исфара жана Ак-Сай-Баткен жолу ачылды. Бул тууралуу облустагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Аталган жолдор 10-июлдагы Тамдыктагы чатактан кийин жабылган болчу.

Бүгүн Тажикстандын Кайраккум шаарындагы кыргыз-тажик вице-премьерлери Абдырахман Маматалиев жана Муродали Алимардондун катышуусунда жолугушуу өткөн. Анда аталган топ чатактын себептерин иликтеп, жыйынтыгы боюнча өкмөттүк комиссияга маалымат бермей болгонун “Азаттыктын” тажик кызматы жазып чыккан.

10-июль күнү түшкө жуук кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Тажик тарап жалпысынан 7 адам жаракат алып, бирөө өлгөнүн кабарлаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы отузга жакын тажик тургуну келип, кыргыз чек арачыларын таш бараңга алып, андан бир аскер жаракат алгандан кийин ок атылганы тууралуу маалымат тараткан. Маалыматта тажик тарап оор техникалар менен кыргыз чек арачыларын атканы да айтылган. Бирок тажик тарап муну четке кагууда.

Окуядан кийин эки өлкө бири-бирин күнөөлөп, нота жолдошкону маалым болду. (JSA)

XS
SM
MD
LG