Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

БУУ: Израилдин Газадагы чабуулдарынын легитимдүүлүгү шек жаратат


Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллай жөөт аскерлеринин чабуулдары канчалык туура экени жөнүндө олуттуу күмөнү бар экенин билдирип, муну өлгөндөр арасында жайкын тургундар өтө көп болуп жатканы тууралуу кабар менен негиздеди.

Пиллай конфликттеги эки тарапты тең тезинен куралды таштоого үндөдү. Пиллай Израил армиясы чабуулдарында жайкын тургундар жабыркабашы үчүн өзгөчө этият болушу эл аралык мыйзамдар тарабынан талап кылынаарын эске салды. Ал, мындан сырткары, Палестинадагы Хамас жана башка топторду эл жыш отурукташкан жерлерден ракета атпоого чакырды.

XS
SM
MD
LG