Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Ооганстанда террордук чабуулдан он адам мерт кетти


Бүгүн Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында бомба чабуулунан кеминде он жай тургундун өмүрү үзүлдү. Ушундай эле кол салуудан Нангархар провинциясында эки адам каза тапты.

Азырынча эч бир топ бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгарыла баштагандан бери талибдердин кол салуулары күчөдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда быйыл алты айда Ооганстанда түрдүү чабуулдардан мерт кеткен жай тургундардын саны 17 пайыз жогору болду. (RK)

XS
SM
MD
LG