Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Жаныбарларды идентификациялоо мөөнөтү аныкталды


Кыргызстанда «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык бодо мал баккан чарбаларда идентификация быйыл 1-ноябрда башталат. Ал эми жылкы кармагандар үчүн келерки жылдын 1-ноябрынан, майда мал баккандар үчүн 2016-жылдын 1-ноябрынан тарта жүргүзүлөт. Канаттуу жаныбар жана аары багылган чарбаларда 2017-жылы башталат.

Идентификация ар бир мал боюнча маалымат базасын түзүү максатында жүргүзүлүүчү эл аралык талап. Паспортко малдын туулган жылы, эмдөөлөрү, сатылып же сатылып алынганы тууралуу жана башка маалымат жазылат.

Мындай документ жок болгондуктан кыргызстандык сүт өндүрүүчүлөр продукциясын Казакстанга өткөрө албай бир нече жыл кыйналган. Малды идентификациялоо Бажы биримдигине кирүү шарттарынын бири болуп саналат. (RK)

XS
SM
MD
LG