16-июль – шаршемби күнү Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29,
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28,
Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,
Нарында түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 16…18, күндүз 27…29 болот.