Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Обама Газа тилкесиндеги урушту токтотуу планын колдоду


АКШ президенти Барак Обама Израил менен Хамас согушкерлеринин Газа тилкесиндеги урушун токтотуу боюнча Египет сунуш кылган планды кубаттады. Бул тууралуу кечээ президент Ак үйдө уюштурулган иптарда айтты. Обама долбоор мүмкүн болушунча тезирээк тынчтык орнотууга өбөлгө түзөт деген үмүтүн ортого салды. АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри 15-июлда Каирге барганы жатат.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Коопсуздук кеңешинин жыйынында жарашуу келишимин жактыруу сунушу колдоо тапканын билдирди. Палестинанын президенти Махмуд Аббас ок атышпоо планын кубаттаса, Хамас тобу аны четке какты.

Израилдин соккуларынан бир жумадан бери палестиналык 180дей киши набыт кетти, алардын көбү жайкын тургундар.

XS
SM
MD
LG