Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Бишкекте футбол фанаты өзүн асып алды


Өз жанын кыйган 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта ал сүрөгөн команда утулуп калганы себеп болушу мүмкүн экени божомолдонууда.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Көк-Жар айылынын тургунунун асылып турган сөөгү 14-июль күнү өз үйүндө табылган. Ал бир күн мурда шаардагы букмекердик клубдардын биринде автоунаасын уттуруп жибергени аныкталды. Ал күнү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп, Аргентина курама командасы германиялыктардан утулуп калган эле. Бирок маркумдун өлүмүнүн себеби бул оюн менен байланыштуубу же жокпу, азырынча так эмес.

Милициянын маалыматына ылайык, өз жанын кыйган жигит футбол ышкыбозу болгон. Буга чейин да көп жолу букмекердик футболдук беттештерге акча сайып жүргөн.

Маркумдун чөнтөгүнөн “Менин өлүмүмө эч ким күнөөлүү эмес” деп жазылган кагаз табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG