Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:28

Энергетика министрлиги тариф боюнча иш-планын артка чакыртып алды


Энергетика жана өнөр-жай министрлиги электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча иш-планын артка чакыртып алды. Министрлик долбоорго оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, тариф саясаты боюнча жаңы долбоорду сунуштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Мурда сунушталган тарифтик саясат боюнча иш-планды артка кайтаруу боюнча өкмөттүн токтому да чыкты.  

Мурдагы иш-планга ылайык, электрди үч фазадан алгандарга бааны 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүү жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүү принцибин өзгөртүү сунушталып жаткан.

30-июнда парламентте кабыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, электр энергиясына тарифти аныктоо өкмөткө жүктөлгөн. (SE)

 

XS
SM
MD
LG