Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Москва метросундагы кырсыкта каза тапкандардын саны 20га жакындады


Москва метросундагы кырсыктан каза тапкандардын саны 20 кишиге чукулдады, 100дөн ашууну жарадар болду. Бул тууралуу Орусиянын расмий булактары билдиришти.

Бүгүн эртең менен Парк Победы жана Славянский бульвар станцияларынын ортосунда катуу ылдамдыкта бараткан поезд чукул токтогондо 3 вагон рельстен чыгып кеткен.

Кырсык болгон жерге чукул кырдаалдар министри Владимир Пучков барды. Анын айтымында, жарадар болгон 8 киши Склифосовский институтуна жеткирилди. Жарадар болгондорду эвакуациялоо үчүн 8 тик учак, ондогон тез жардам унаасы тартылган. Шаар прокуратурасы окуяны иликтей баштады. Мэр Сергей Собянин каза болгондордун жакындарына 1 миллион рублдан төлөнөрүн билдирди. Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз өкүлү маалымдаганына караганда, чукул абал жөнүндөгү сигнализация жаңылыш иштей баштаганда, айдоочу ылдам бараткан поездди токтотуп, вагондор аңтарылып кеткен. Бул версияны башкы тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин да бышыктады. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG