Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:14

Иракта парламент төрагасы шайланды


Ирак парламенти жаңы спикерди шайлоого жетишти. Суннилердин өкүлү Салим ал Жубирини 328 депутаттын 194ү колдоду. Расмий эмес макулдашууга ылайык, суннилерге спикерлик, президент кызматы күрттөргө, ал эми өкмөт башчылык шийилерге тиет. Бүгүн эртең менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү бүгүн согушкерлер ээлеп алган Тикрит шаарын кайтаруу операциясын баштаган. "Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети" деген кыймылдын сунни согушкерлери июнь айында Ирактын түндүгүндөгү бир катар шаарларды басып алгандан кийин ушуну менен экинчи ирет масштабдуу операция жүргүзүлүүдө. Ирак бийлигинин ырастоосунда, армиянын айрым бөлүктөрү өкмөттүк кээ бир имараттарды, оорукана, полиция академиясы менен райондук администрация кеңсесин кайтарып алышты.

XS
SM
MD
LG