Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Бишкекте “Борбор Азия+Жапония” диалогу өтөт


Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында боло турган диалогдо Жапония менен Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын кызматташуусу талкууланат. Ага Жапония жана беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери катышат.

Кызматташуунун беш багыты аныкталган. Ал саясий диалог, регион ичинде кызматташуу, ишкерлерди колдоо, интеллектуалдык, маданий жана гуманитардык диалог. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Министрлерди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алат. “Борбор Азия+Жапония” диалогу он жыл мурда башталган. (AiT)

XS
SM
MD
LG