Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:51

Жапония Кыргызстанга 12 миллиард йен насыя берет


Жапония өкмөтү чоң жолдорду оңдоо үчүн Кыргызстанга 12 миллиард йен (118 миллион АКШ доллары) насыя берет. Бул тууралуу бүгүн жапон тышкы иштер министри Фумио Кишида Бишкекте журналисттер менен жолукканда айтты.

Жапон дипломаты Бишкекке “Борбор Азия+Жапония диалогу” иш-чарасына катышуу үчүн 14-июлда келген. Бүгүн ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугуп, жогорудагы насыя боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

Каражаттын качан берилери алдыда боло турган макулдашуулардын жүрүшүндө аныкталат.

100 жапон йени 50 сом 95 тыйынга барабар. (SE)

XS
SM
MD
LG