Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:20

Москвадагы метро кырсыгында бир кыргыз жараны өлгөнү кабарланды


Москвадагы метродо 15-июль күнкү аварияда 27 жаштагы кыргыз жараны Мээрим Арунова каза тапканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Ал элчиликтин кызматкерлеринин маалыматына таянып, маркумду Кыргызстанга алып келүү аракети башталганын айтты.

Москвадагы кыргыз консулдугунун юристи Кубаныч Кожоев Арунованын өлүмүнүн так себеби такталып жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Сөөк моргдон табылды. Бирок авария учурунда метродо болгонбу же жокпу, азырынча так эмес. Тактап жатабыз.

Буга чейин метродогу кырсыкта 5 кыргызстандык жабыркап ооруканада жатканын айрым маалымат булактары жазып чыкты эле. Бирок юрист Кожоев бул билдирүүнү тастыктаган жок:

- Кечээтен бери авариядан жабыркагандар жайгаштырылган 15 оорукана менен байланыштык. Кыргыз жарандары бар экени тууралуу бир дагы расмий маалымат ала элекпиз.

Кечээ Парк Победы жана Славянский бульвар станцияларынын ортосунда катуу ылдамдыкта бараткан поезд чукул токтогондо 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Натыйжада 22 киши каза таап, 100гө жакын адам жабыркаганын, арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экенин Орусиянын расмий булактары маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG