Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Метродо жараат алган кыргызстандыктын абалы жакшырууда


Москвадагы метро кырсыгында жараат алган кыргызстандык жаран Медербек Марасуловдун абалы кечээкиге караганда бүгүн жакшыраак. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Москвадагы элчиликтин өкүлү бүгүн Марасулов жаткан №20 ооруканага барып анын абалын көрүп келди.

1987-жылы Ош облусунда туулган Медербек Марасулов 15-июлда Москвадагы метро кырсыгына кабылып оң жак ыптасынан жараат алган, өпкөсү жабыркаган. Реанимацияга түшкөндө абалы оор болчу. Бүгүн бир аз жакшыргандыктан аны травматология бөлүмүнө которгону жатышат. Дарыланууга байланыштуу чыгымдын баарын шаар бийлиги өзүнө алды.

Кечээ Парк Победы жана Славянский бульвар станцияларынын ортосунда катуу ылдамдыкта бараткан поезд чукул токтогондо 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Натыйжада 22 киши каза таап, 100гө жакын адам жабыркаганын, арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экенин Орусиянын расмий булактары маалымдады.

Бүгүн Москвадагы моргдордун биринде кыргызстандык келиндин сөөгү табылганы кабарлаган, бирок ал метродогу кырсыктан каза тапканбы же башка себептенби, азырынча так айтыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG