Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Атамбаев күзүндө расмий сапар менен Казакстанга барат


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисовду кабыл алды. Жолугушууда Евразия мейкиндигинде интеграциялык жараяндардын алкагында өз ара кызматташтык талкууланды.

Ерлан Идрисов Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Күзүндө боло турган сапар эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө жаңы дем берүүгө тийиш экени, экономика чөйрөсүндө өз ара кызматташууну активдештириши зарылдыгы белгиленди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Атамбаев бүгүн Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду жана Жапония тышкы иштер министри Фумио Кишиданы да кабыл алып, мамлекет аралык алака-катыш маселелерин талкуулады.

15-июлда мамлекет башчы Түркмөнстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлерин кабыл алган.

Министрлер Бишкекке “Борбор Азия + Жапония диологу” иш-чарасына келишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG