Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Москвада аза күтүшүүдө


Москвада бүгүн 15-июлдагы метро кырсыгына байланыштуу аза күтүшүүдө. Кечээки жер астындагы аварияда 22 киши набыт кеткен.

Шаарда улуттук желектер жарым жартылай түшүрүлүп, оюн-зооктор башка күнгө которулду. Чиркөөлөрдө маркумдарга арналып таат окулууда. 16 бейтапканада кан тапшыруу борборлору ачылды.

Шаар метросунун 79 жылдык тарыхындагы бул эң ири кырсыкта 129 киши жарадар болду. Каза тапкандардын алтоо чет элдик жарандар. Кырсыкка, болжолу менен, техникалык мандем алып келди. Теракт деген версия четке кагылды. Тергөө уланууда.

XS
SM
MD
LG