Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Кыргызстан энергетика тармагында франциялык компания менен кызматташат


Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Франциянын ALSTOM Holdings компаниясынын мындан ары кызматташуусу боюнча меморандумга бүгүн өкмөт үйүндө кол коюлду.

Документке ылайык, тараптар энергетика тармагын каржылоо, жаңы техникаларды алып келүү жана жайылтуу жаатында долбоорлорду биргеликте ишке ашырат. Андан сырткары, Кыргызстандын аймагында энергетикага байланыштуу курулуш реконструкция иштери жүргүзүлөт.

Макулдашууга франциялык компаниянын өкүлү Филипп Роьмю жана Энергетика министринин орунбасары Кубанычбек Турдубаев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

ALSTOM Holdings электр жабдыктарын темир жол тетиктерин иштеп чыгарган ири компания катары белгилүү. Ишкана дүйнөдөгү 100дөй мамлекет менен кызматташат. (SE)

XS
SM
MD
LG