Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Еврошаркет лидерлери Орусияга каршы санкцияларды талкуулашууда


Европа биримдигинин лидерлери Орусия менен 2 жаңы долбоорго каршы болушууда. Брюсселдеги бүгүнкү жыйында кабыл алынат деп күтүлгөн документте айтылгандай, Европанын инвестициялык банкына Орусиядагы эки долбоорду каржылоону токтото туруу өтүнүчү жөнөтүлөт. Бул чара Москванын Украинадагы аракеттерине жооп иретинде көрүлүп жатат. Блоктун мүчөлөрү ошондой эле Украинанын суверенитетине шек келтирген компаниялар менен уюмдарга каршы санкцияларды кеңейтмекчи.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары кабарлагандай, АКШнын вице-президенти Жо Байден Украина президенти Петро Порошенкого “Орусия жаңжалдын эскалациясына салым кошуп жаткандыгы үчүн жооп бериши керек" деген маселе европалык лидерлер менен талкууланып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG