Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

СПИДден көз жумгандардын саны азайды


БУУнун бүгүн жарыяланган докладына ылайык, СПИДге байланыштуу келип чыккан өлүмдүн саны 2004-жылкы эң жогорку чектен бери эң төмөн көрсөткүчкө жетти. Акыркы эки жылда СПИДге алып келчү ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны да кыскарды. Уюмдун СПИД боюнча агенттиги дүйнөдө былтыр бул ооруга чалдыккан 2 миллиондон ашуун адам катталса да, эпидемияны токтотуу дагы эле мүмкүн экенин жазат. Докладда 2030-жылга чейин СПИДден көз жумгандардын жана жаңы жуктуруп алгандардын санын 90 процентке азайтуу каралган. Былтыр СПИД 1 жарым миллиондой кишинин өмүрүн алып кеткен. Эң жогорку чек 2004-жылы катталып, 2,4 миллион киши өлгөн.

 

XS
SM
MD
LG