Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Украина чыгышында өкмөттүк аскерлер жоготууга учуроодо


16-июлда жикчилдер менен кагылышууда 11 аскер өлүмгө учураган. Украинанын коргоо жана коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Андрей Лысенконун билдирүүсүнө караганда, украин күчтөрү чек арага жакын Изварино жергесинде буктурмага кабылышкан. Лысенко жикчилдер да оор жоготууларга учурап жатканын, Степановка айылында жүздөгөн жикчилдердин сөөгү табылганын билдирген.

Апрель айынан бери жүрүп жаткан антитеррордук операцияда Украина 270 аскеринен ажырады. Жикчилдер жана катардагы адамдардын өлүмү да жүздөп саналат. (AiT)

XS
SM
MD
LG