Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Орусия АКШнын санкцияларына жооп кайтарарын эскертти


Орусия АКШнын жаңы санкцияларын "Украинадагы окуялар Вашингтондун сценарийи боюнча жүрбөгөндүгү үчүн өч алуу аракети" катары баалап, "шантажга моюн сунбасын", ал чараларга "жооп кайтарууга укуктуу экенин" эскертти. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Москва Украинанын ички жаңжалынын бир тарабы эместиги, санкция тилинде сүйлөшүү орунсуз жана оң натыйжага алып келбеси айтылат.

Президент Владимир Путин жаңы санкцияларды “шашылбай” талкуулоо керектигин билдирди. “Кара тизмеге” киргизилген “Роснефть” компаниясынын жетекчиси АКШ банктарынын кредиттерисиз дагы көпкө иштей аларын, санкциялар биринчи кезекте компаниянын америкалык акционерлерине залака тийгизерин белгиледи.

Кечээ АКШ Орусияга каршы санкцияларды кеңейткен. Жазалоочу чаралар бир катар банк, энергетикалык жана коргоо тармагындагы компаниялардан тышкары орусиялык жана өзүн Донецк жана Луганск элдик жумурияттарынын жетекчилери деп аташкан аткаминерлерге карата колдонулмакчы.

Санкциялар жарыялангандан кийин Орусиянын фондулук биржаларындагы акциялар бейшембиде 3 процентке төмөндөдү. Рублдин курсу да кескин арзандап кетти. Энергетика тармагындагы ири компаниялар – "Роснефть" жана "Новатектин" акциялары түштү. Экөө тең санкциялар тизмесине камтылган.

XS
SM
MD
LG