Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Ооганстанда президенттик шайлоодо берилген добуштар кайра саналууда


Ооганстандын шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында берилген 8 миллиондой добушту кайра санап чыгуу жараянын баштады. Аудитке эки талапкердин өкүлдөрү жана эл аралык байкоочулар көз салууда. Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Юсуф Нуристани бюллетендерди саноо 3 жумага чейин созулаарын билдирди.

Талапкерлер Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керринин ортомчулугу менен аудитке макул болушкан. Мындай чара бурмалоолор тууралуу айыптоолордун ар кандай зомбулукка алып келишин алдын алуу максатында көрүлүүдө. Эки кандитат тең анын жыйынтыгын урматтаарын билдиришти. Жеңүүчү дароо “биримдик өкмөтүн” курууга киришмекчи. Адегенде жаңы президенттин ант берүүсү 2-августка пландалган, бирок аудиттен улам кийинкиге жылмай болду.

Шайлоонун экинчи айлампасы 14-июнда өткөн.

XS
SM
MD
LG