Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Бишкекте Израилге каршы акция өтөт


Бүгүн Горький атындагы сейил багында Израил тараптан Газа тилкесинин бомбаланып жатышына каршы нааразылык акциясы өтөт. “Мусулман мусулмандын бир тууганы” деп аталган жарым сааттык иш-чара жума намаздан кийин башталат. Анын катышуучулары зомбулукту токтотууга үндөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” акцияны уюштуруп жаткандардын бири Руслан Бекназаров билдирди.

Акцияга Чубак ажы Жалилов, Мыктыбек Арстанбек, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу коомдук жана диний ишмерлер катышат.

Израил аскерлери Газа тилкесине абадан жана деңизден чабуул коюп жатканына бүгүн он күндөн ашты. Ошол эле маалда Палестинадагы "Хамас" исламчыл кыймылынын согушкерлери Израилге мурдагыдан да көбүрөөк ракета ата баштаганы кабарланууда. Израил бийликтери бомбалоо операциясынын максаты “Хамастын инфраструктурасын талкалоо” экенин айткан.

Газада уруш башталгандан бери 200дөн ашуун палестин жараны, бир Израил атуулу өлдү.

Ушул күндөрү Израилге каршылык көрсөтүү акциялары дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG