Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Бишкек мэриясы таштанды тазалоо иши жанданганын билдирди


Коомчулук арасындагы сын пикирлерден улам Бишкекте таштанды тазалоо иши жанданды. Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” ишканасы бүгүн саат 6:00дөн 12:00гө чейин 51 машине таштанды чыгарылганын билдирди. Жалпысынан 1 621 куб таштанды ташылганын шаар бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Соңку күндөрү жарандык активисттер Бишкек таштандыга толуп кеткенин, “Тазалык” ишканасы иштебей жатканын айтып, акыр-чикир толгон жерлерди сүрөткө тартып интернетке жайгаштыра баштаган болчу. Тактала элек маалыматтарга караганда, мындай абал ишкана жетекчилиги менен кызматкерлер арасындагы пикир келишпөөчүлүктөн улам болууда. Буга байланыштуу тургундар арасында мэр Кубанычбек Кулматовду сындагандар көбөйгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG