Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Пакистанда жарым аскердик бөлүктүн сегиз мүчөсү каза тапты


Пакистандын алыскы аймагындагы текшерүү пунктунда согушкерлердин колунан өкмөттүк жарым аскердик бөлүктүн 8 мүчөсү каза тапты. Кармашта бери дегенде 5 согушкер окко учту. Аскерлер уруулар байырлаган Хайбер чөлкөмүндөгү чек арачылар менен бирге патрулда жүргөн. Коопсуздук күчтөрүнүн расмий өкүлү билдиргенине караганда, 3 жоочу туткунга алынды, бирок онго жакыны качып кетүүгө үлгүрдү.

Ал тапта Пешавар шаарында полиция офицери бомба жарылуусунан мерт кетти. Май айынан бери Пакистан армиясы Түндүк Вазиристан аймагында исламчыл согушкерлерге каршы операция жүргүзүп келатат.

XS
SM
MD
LG