Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:15

Армения Евразия экономикалык биримдигине октябрда кирет


Армения Евразия экономикалык биримдигине октябрь айында кошулат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу кечээ Еревандагы журналисттерге премьер-министр Овик Абрамян билдирди. Буга чейин маалымат каражаттары Казакстандын тышкы иштер министри Эрлан Идрисовдун Армения биримдикке ушул октябрда кошулушу ыктымал деген сөзүн келтиришкен.

Евразия экономикалык биримдиги майдын этегинде Астанада Бажы биримдигинин негизинде түзүлгөн. Уюшма эмки жылдын 1-январынан тартып расмий иштей баштамакчы. Москва мурдагы советтик жумурияттарга кысым жасап, биримдикке кирүүгө үгүттөөдө. Орусия ал келечекте Еврошаркеттин моделине айланарын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG